Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Унаа" мамлекеттик мекемеси жараксыз номерлерди сатыкка койду

Сынакка катышуу үчүн арыздар 12-июнга чейин кабыл алынат

"Унаа" мамлекеттик мекемеси жараксыз номерлерди сатыкка койду. Бул тууралуу мекеменин өзүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, колдонулган жана жокко чыгарылган номерлерди металл катары сатуу боюнча ачык тендер жарыяланды. Аукцион 20-июнда Бишкек шаары Ч.Валиханов көчөсү, 2а дарегинде өткөрүлөт.

Сынакка катышуу үчүн арыздар 12-июнга чейин мамлекеттик же расмий тилде эки нускада дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаары Ч.Валиханов көчөсү, 2а, 3-кабатта 5-кабинетте кабыл алынат.

Арызга арыз ээсинин мөөрү (юридикалык жактар) менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтердин көчүрмөлөрү тиркелет:

1. Уюштуруу документтеринин жана юридикалык жактын же жеке ишкердин мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү;
2. Уюмдун жетекчисин дайындоо жөнүндө документтин көчүрмөсү;
3. Өкүлгө ишеним кат;
4. Кепилдик төлөмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция же төлөм тапшырмасы;
5. Салык карызынын жоктугу жөнүндө салык кызматынан маалымкат.

Сынактын шарттары менен шилтеме аркылуу кеңири таанышууга болот.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх