Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Ысык-Көлдө чепк арачылар үчүн жаңы пансионат ачты

Пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан

Президент Садыр Жапаров кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жаңы ведомстволук пансионатынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Пансионат Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чок-Тал айылында жайгашкан.

Өткөн жылы мамлекет башчынын тапшырмасы менен каралбай калган мурдагы "Дельфин+" пансионатынын аймагы бөлүнүп берилген, ал эми 2022-жылдын декабрынан тарта капиталдык курулуш жана объектти кайра куруу иштери жүргүзүлгөн.

Бул жерде заманбап ыңгайлуу корпустар, коттедждер, ден соолукту чыңдоочу жай, конгресс-холл, пансионаттын жашыл аймагы курулган, анда балдар ойноочу аянтчалары да бар.

Чек арачылар өлкөнүн бардык облустарынан, анын ичинде алыскы райондордон келип, үй-бүлөлөрү менен бирге толук кандуу эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк алышат.

Эгемендүүлүк жылдарында Ысык-Көлдө биринчи жолу чек арачылар үчүн ведомстволук пансионат ачылгандыгын белгилей кетүү маанилүү.
Келечекте бул жерде эс алуучу чек арачылардын санын көбөйтүү үчүн кошумча корпустарды куруу пландаштырылууда.

Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы чек арачы — күнү-түнү, суукта жана ысыкта мамлекеттик чек араны кайтарган Мекенди коргоочу кесибинин

Президент Садыр Жапаров пансионатта түзүлгөн жашоо шарттары менен таанышып, корпустарды жана эс алуу зоналарын карап чыкты.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх