Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББ: Туристтик сезонго байланыштуу коомдук транспорттор текшерилүүдө

Айдоочулардын таң эрте кан басымы текшерилип, наркология бөлүмүнөн өтүшөт

Туристтик сезонго байланыштуу коомдук транспорттордун ишмердүүлүгү текшерилүүдө. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү жайкы туристтик мезгил учурунда чет өлкөдөн келген конокторду жана өзүбүздүн жарандары ташыган шаар жана аймак аралык каттамдарга каттаган жүргүнчү ташыган автобустарды жана кичи маршруттук унаалардын техникалык абалын текшерүүгө алууда.

Анда таң эрте каттамга чыгуу учурунда айдоочулар кан басымын текшерилүүсүн, наркология бөлүмүнөн өтүүсүн, ал эми авто унаалар техникалык кароодон өткөрүлүп, тийиштүү шаймандар жана жабдуулардын болуусу каралууда.

Эскерте кетсек, буга чейин коомдук транспортторго карата рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, 28 миң 142 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх