Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарына аман-эсен жетти

Быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн

Кыргызстандык зыяратчылардын экинчи тобу Медина шаарына аман-эсен жетти. Аларды ажылыкты уюштуруу боюнча штаб өкүлдөрү тосуп алышты.
Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей, учурда болочок ажылар мейманканаларга жайгаштырылып, аларга САПтын ажылык мезгилиндеги эрежелер түшүндүрүлүүдө.

Зыяратчылардын алгачкы тобу 12-июнда Медина шаарына сапар тарткан.

Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх