Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азия чемпионаты (U23): Эркин күрөш боюнча улуттук курама 2-орунду ээледи

10-18-июнь аралыгында Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өттү

Бишкек шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты (U23) жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи.

Таймаштарда 23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашкан.

Эске салсак, 10-18-июнь аралыгында Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өттү.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх