Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратын ачты

Курулушту Борбордук Азиядагы Америка университети каржылап берген

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылышына катышты (КР УИА).

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын сейсмикалык активдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу сейсмикалык мониторингди үзгүлтүксүз жүргүзүүнү камсыз кылуу маселелери артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

“Жакында Түркия менен Сирияда жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган коркунучтуу жер титирөөлөргө бүт дүйнө күбө болду. Биздин өлкөдө күчү 5-7 баллга жеткен жер титирөөлөр бир нече жолу болгон, ошондуктан биз ар дайым “даяр” болушубуз керек”, – деп белгиледи Министрлер Кабинетинин Башчысы.

Ал кошумчалагандай, “КР УИАсына тиешелүү республика эгемендүүлүк алган жылдан бери бир дагы жаңы имарат курулган эмес, аны менен катар академиянын имараттарында олуттуу оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес”.

“Бул долбоор өкмөт, Борбордук Азиядагы Америка университети жана эл аралык донордук уюмдар өлкөбүздүн жарандарынын жалпы жыргалчылыгы жана алардын коопсуздугу үчүн бириккен мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн үлгүсү болот деп ишенем”, – деп жыйынтыктаган Министрлер Кабинетинин Төрагасы имаратты курууга көмөктөшкөн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, атайын багыттагы эки кабаттуу имарат институттун штаб-квартирасы жана илимий борбору катары пайдаланылып, толук кандуу илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө шарт түзүлөт.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх