УКМКнын кызматкерлеринин балдары үчүн «Айкөл» борбору ачылды
Лагердин ачылышына президент Садыр Жапаров катышты
Ысык-Көлдө УКМКнын кызматкерлеринин балдары үчүн «Айкөл» ден соолукту чыңдоо борбору ачылды. Маалыматка ылайык, буга чейин мекеме «Спутник» деп аталып келген.
Борбордун ачылышына президент Садыр Жапаров катышты.
1960-жылдары курулган имараттын эскилиги жетип, өткөн жылы балдар лагеринин 4 имараты эксплуатациялоого жараксыз деп табылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз