Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин "Эл үмүтү" стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды

Кантип тапшырса болот?

Президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына документтерди кабыл алуу узартылды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин жүргүзүлөт.

“Эл үмүтү” стипендиясынын максаты Кыргызстандын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын (мындан ары - окуу жайлары) QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жыл сайын президенттин фондунун каражатынан бөлүнүп турат.

“Эл үмүтү” стипендиясы жекече болуп саналат жана жыл сайын Республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн кыйла таланттуу жаштарга ыйгарылат.

Жыл сайын 50 жаштарга стипендия берилет, алардын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10 стипендия.

Толук маалыматты министрликтин сайтынан алууга болот.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх