Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө кинорежиссер Болотбек Шамшиевдин эстелиги ачылды

“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, драматург, кинематогроф Болотбек Шамшиев үчүн эстеликтин ачылышына катышты.

“Болот Шамшиев “Кыргыз кереметинин” режиссёрлорунун бири катары дүйнөлүк кинематографиянын тарыхына кирген залкар инсан. Анын эмгектери СССРде гана эмес, чет өлкөлөрдө дагы белгилүү болгон. Болот Шамшиев кыргыз киносу дүйнөлүк атактуу режиссёрлордун чыгармалары менен тең тайлаша алаарын бир нече жолу далилдеди. Биз бул улуу кинорежиссердун инсандын руханий жактан өсүп-өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизген тасмаларында чоңойдук. Анын элеси замандаштарынын жүрөгүндө жашайт”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров өз сөзүндө.

Ал ошондой эле 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Болотбек Шамшиевге “Ак шумкар” өзгөчө белгиси менен эң жогорку өзгөчөлүк – “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылганын кошумчалады.

“Болотбек Шамшиевдин ысымы кыргыз маданиятында жана кино искусствосунда түбөлүк алтын тамгалар менен жазылат”, – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх