Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандык Белек Бараканов cамбо боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду

Чемпионат Арменияда өткөнү белгилүү

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Белек Бараканов Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 64 кг чейинки салмакта спорттук самбо боюнча катышып алгач 1/16 финалдык беттеште тажикстандык спортчуну утса, 1/8 финалдык беттеште америкалык балбанды жеңген.

Ал чейрек финалдык беттеште италиялык спортчуну жеңип, жарым финалда монголиялык балбанды утуп финалга жолдомо алган.

Ал эми чечүүчү финалдык беттеште Белек Бараканов орусиялык балбанга жеңилип, күмүш медаль тагынган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх