Кыргызстандык самбочу Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду
Дуйнө биринчилиги Арменияда өтүүдө
Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бектен Эркебай уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынганы белгилүү болду. Спорт департаменинтинин маалыматына ылайык дүйнө биринчилиги ушул күндөрү Армениянын борбору Ереванда өтүп жатат.
Спортчу 88 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча катышып алгач 1/8 финалдык беттеште франциялык спортчуну утса, 1/4 финалдык беттеште жаңы зеландиялык балбанды жеңген.
Ал эми жарым финалдык беттеште армениялык балбанга утулуп жыйынтыгында коло байге уткан.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз