Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги таштанды челектен табылган наристенин жакын туугандарын издейт

Эгерде, туугандары табылбаса наристе балдар үйүнө өткөрүлүп берилет

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Бишкекте таштанды челектен табылган наристенин жакын туугандарын издеп жатат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык,
Бишкек шаарынын Октябрь административдик району боюнча Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын социалдык кызматкерлери тарабынан №1 төрөт үйүнө чыгуу уюштурулуп, баланын абалын текшеришкен.

Ошол эле маалда балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алуу, жакын туугандарын табып, камкордукка берүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылды.

- Эгерде жакын туугандары табылбай, же камкорчулуктан баш тарткан учурда баланын маалыматтары кийин асырап алуу үчүн ата-энесинин камкордугусуз калган бала катары Мамлекеттик маалымат банкына киргизилет жана социалдык мекемеге жайгаштырылат. Баланы жекече коргоо планы жана маалымат Октябрь административдик районунун Балдар иштери боюнча комиссиясында ушул жумада каралат, - деп билдиришти министрликтен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх