Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» эл аралык аэропорту тогуз айда 4 млн ашык жүргүнчүнү тейледи

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч дээрлик 50%га көп

«Манас» эл аралык аэропорту 2023-жылдын 9 айында 4 млн 181 миң 490 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 млн 991 миң 414ү эл аралык каттамдардын жүргүнчүлөрү болсо, ал эми ички каттамдар менен 1 млн 190 миң 76 адам учкан.

Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 50%га көп болуп эсептелет.

Белгиленгендей, 9 ай аралыгында «Манас» эл аралык аэропортунда 32 миң 190 каттам аткарылган. Анын ичинен 22 миң 515и эл аралык, ал эми 9 миң 675и ички каттам.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх