Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин 10-микрорайонунда билимге арналган мурал пайда болду

Арт-объекттин авторлору Kyzart Group чыгармачыл тобу

Бишкектин 10-кичирайонундагы турак үйдүн дубалында мурал пайда болду.
Борбор калаанын басма сөз кызматы билдиргендей, арт-объекттин авторлору Kyzart Group чыгармачыл тобу. Ал үзгүлтүксүз билим берүү кабарын алып жүрөт.


- Муралда ар кандай курактагы адамдар чагылдырылган. Сүрөттө адам өмүр бою окууга тийиш экендигинин маанилүүлүгү баса белгиленет, анткени билимдин жардамы менен биз көз карашыбызды кеңейте алабыз, - деп белгилешти сүрөтчүлөр.

Муралды жайгаштыруу жерди тандоодо Октябрь районунун акимчилиги жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы жардам көрсөтүшкөн.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх