Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрү убактылуу жабылат

Д.Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстан — Оман футбол курама командаларынын беттеши өтөт

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстан — Оман футбол курама командаларынын беттешин өткөрүүгө байланыштуу Бишкекте Д.Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, төмөнкү көчөлөрдө саат 14:00 до 22:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилет:

- Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсунө чейин;
-  Фрунзе көчөсү — Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды каттамды алдын ала тандоого жана мындай чараларга түшүнүү менен кароого чакырат.

Оюн саат 19:00дө башталат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх