Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айдоочуларга кулак кагыш! Өлкөдө "Рулда" аталышында рейд жүрүүдө

“Айрыкча ылдамдыкты ашыра айдаган жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт”

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларга өлкө аймагында "Рулда" аталышында рейд жүрүп жатканын эскертет.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын атайын адистештирилген ротасы тарабынан коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо максатында бүгүнкү күндөн тартып декабрь айынын аягына чейин Кыргызстандын бардык аймагында "Рулда" аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүлүүдө.

Рейддик иш-чара учурунда айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыра айдаган жана мас абалында унаа башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөрү айтылды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх