Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Арча-Бешикте” ташталган ымыркай. Акыйкатчы институту жаңы жагдайларды айтып берди

Балага бронхопневмония деген диагноз коюлган

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин алдына ташталган ымыркайдын ишине байланыштуу жаңы жагдайлар тууралуу айтып беришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, институттун кызматкерлери бала табылгандан кийин дарыланууга жаткырылган төрөт үйүнө барышкан.
19-ноябрда саат 23.05те кабыл алуу бөлүмүнө милиция кызматкерлери абдан катуу үшүп калган жаңы төрөлгөн баланы алып келишкен.
Балага бронхопневмония деген диагноз коюлган. Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат, дарылоо программасына антибиотиктер кошулган.

Институттун кызматкерлери төрөт үйүнүн башкы дарыгери менен дайыма байланышта болуп жатышат.
Мындан тышкары, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери 20-21-ноябрда Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына барып, баланын энеси Ж.С. менен сүйлөшүп келишкен.

20-ноябрда кармалган Ж.С ИИБде суракка алынган. Ал КР Кылмыш кодексинин 37-125-беренеси боюнча айыпталууда.
Келин үй шартында төрөгөнүн, ата-энеси анын кош бойлуу экенин билишкен эместигин айтып берген. Баланын атасы ким экенин билет, ал адам учурда абакта жатат.

Бүгүн келиндин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына чыкканы белгилүү болду.
Ленин РИИБнин маалыматына таянсак, 2023-жылы 19-ноябрда 2003-жылы туулган Ж.С. үй шартында төрөгөн. Андан кийин ымыркай Арча-Бешик жаңы конушундагы үйлөрдүн биринин алдына желим баштыкка оролуп, кутуга салынган абалда ташталган.
Тергөө тарабынан тиешелүү экспертиза дайындалды.

Акыйкатчы институту мамлекеттик органдарды баланын укуктарын коргоону камсыздоого чакырат.
Бул иш КР акыйкатчысы Жамилия Жаманбаеванын жеке көзөмөлүндө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх