Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда эки күндө 44 айдоочу мас абалында кармалды

Алар бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат

Кыргызстандын аймагында 25-26-ноябрь күндөрү Атайын рота тарабынан "Рулда" рейди өткөрүлүп, анын алкагында 44 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми алардын бардыгы соттун чечими менен бир жылдык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.
Өлкө аймагы боюнча "Рулда" рейди ЖКККББнын Атайын адистештирилген ротасы тарабынан декабрдын аягына чейин өткөрүлөт. Анын максаты - жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын алуу жана аны болтурбоо болуп саналат.

Рейддин алкагында айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында унаа каражаттарын башкаргандарга катуу чаралар көрүлүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх