Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Аламедин базарынын сатуучулары дагы митингге чыгышты

Маалыматка ылайык, учурда абал туруктуу

Бүгүн, 30-ноябрда Бишкекте Аламедин базарынын соодагерлери ККМге каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда абал туруктуу.

Эске салсак, буга чейин «Дордой» базарындагы митингдин катышуучуларынын бирин кармап, убактылуу кармоо жайына киргизилгени белгилүү болгон. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы буга чейин социалдык тармактарда базардын аймагында белгисиз адамдар коомдук тартипти одоно бузуп, бир кишинин денесине залал келтирген видео тараганын эске салды.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголду.
Кечээ «Дордой» базарынын соодагерлеринен сырткары патент менен иштөөгө уруксат берүүнү талап кылып «Таатан», «Мадина», Орто-Сай базарларындагылар дагы чыгышкан.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх