Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дилербек Садиров бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Дүйнө чемпиондугу Ереван шаарында өтүүдө

Кыргызстандык Дилербек Садиров бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдирди.

Дүйнө чемпиондугу Ереван шаарында (Армения) өтүүдө.

Дилербек Садиров 57 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.
Чейрек финалда румыниялык мушкерди жеңип, жарым финалда орусиялык спортчуга жеңилип, коло байге ээси болду.

Белгилей кетсек, мындай чемпионатта биринчи жолу кыргызстандык спортчу чемпион болду – Амантур Жумаев алтын утуп алды.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх