Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар көбөйүүдө

Ооругандардын 67 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-ноябрдан бери 5737 адам сасык тумоолоп дарыгерге кайрылышкан. Бул ага чейинки жумага салыштырганда 687ге көп.
Ооругандардын 67 пайызы 14 жашка чейинки курактагы балдар.
Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүн аба салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшү жана көпчүлүгү ооруганда жатып дарыланбай, башкаларга жугузуп жүрө бериши менен байланыштырууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх