Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шайлообек Атазов: Алдыда Олимпиада оюндары, а биздин спортчуларга күнүнө тамакка 190 сомдон бөлүнөт

Эл өкүлү спортчулардын тамак-ашына көнүл бурууну өтүндү

Бүгүн, 7-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов парламентарийлердин көңүлүн спорттун көйгөйлөрүнө бурду.

«Кечээ күнү бокс боюнча жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионатта биздин спортчу жеңүүчү аталды», - деди эл өкүлү кесиптештерине кайрылып. «Биздин спортчулар эл аралык аренада чоң ийгиликтерге жетишүүдө. Бирок мен сиздин көңүлүңүздү тамактануу көйгөйлөрүнө бургум келет. Спортчуларга күнүнө 190 сомдон, машыктыруучуларга 83 сомдон бөлүнөт. Бул суммага эмне жесе болот? Алар спорттук ареналарда күрөшүү үчүн калорияны кайдан алышат? Башка өлкөлөрдө спортчулардын күнүнө тамак-ашына 700 сомдон кем эмес акча бөлүнөт. Бир күнү Нурбек Сыдыгалиев экөөбүз спортчуларга барсак, алар сууга макарон кайнатып жатышыптыр. Келерки жылы Олимпиада оюндары өтөт, жок дегенде даярдык жылы спортчуларыбыздын камсыз болушун жакшыртабыз. Олимпиадалык оюндарда биздин спортчулар жакшы оюн көрсөтөт деп ишенем.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх