Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат

Ошондой эле келечекте бардык айдоочулар бирдиктүү формага өтүшөт

Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, автобустардын санын 1 миң 500гө жеткирүү пландалууда. Жаңы автобустардын жакынкы арада келиши күтүлүүдө.
Ошондой эле келечекте бардык айдоочулар бирдиктүү формага өтүшөт.

Белгилей кетсек, буга чейин бир катар кичиавтобустук каттамдар жаңы автобустарга алмаштырылган. Мурда жарандарды тейлөө үчүн 320-330 автобус каттаса, бүгүнкү күндө каттамда 427 автобус бар. Ошондой эле автобустардын аралыгын кыскартуу максатында ар бир каттамдагы кыймылдуу курам кошулган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх