Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте дем алыш күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Жарманке 31-декабрга чейин уланат

Бишкекте ушул дем алыш күндөрү, 9-10-декабрда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт.
Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп, 31-декабрга чейин уланат.

Жарманкенин максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

"Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат", - деп белгилешти министрликтен.

Жарманке Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх