Бишкекте президенттин катышуусунда кезектеги "Мурас" турнири өтүүдө
Оюндар түз алып берилүүдө
Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтүүдө.
Мелдешке 16 команда катышууда. Оюн 8-9-декабрь күндөрү өтөт.
Командалар төрт тайпага бөлүнгөн, оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром - балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.
Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлүүдө.
Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз