Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Cуук тууралуу кечинде гана билдик» - Билим берүү министрлиги онлайн окутуу жөнүндө эмнеге кеч кабарлашканын түшүндүрдү

Ата-энелер онлайн окутууга өтүү тууралуу бир күн мурда айтышпаганына нааразы

Билим берүү министрлиги катуу сууктан улам мектептерди онлайн окутууга өткөрүү боюнча ата-энелерге жана окуучуларга алдын ала эскертилбегендиги тууралуу комментарий берди.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева аба ырайы тууралуу маалымат кечээ кечинде гана түшкөнүн билдирди.
«Мектептер жылуу, сабактарды өткөрүүгө шарт бар. Мектептердеги температура талапка жооп бербеген учурда гана онлайнга өткөрөбүз.

Бирок, мында ата-энелердин өтүнүчү буйрук чыгардык», - деди ал.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бир нече күн мурун келе катуу суук, шамал болорун эскерткен.
Эске сала кетсек, бүгүн таңкы саат 8ден кийин Билим берүү министрлиги катуу сууктан улам өлкөнүн мектептери эки күнгө онлайн окутууга жөнөтүлгөнүн билдирген.

Социалдык тармактарда ата-энелер мекемени алдын ала буйрук чыгарбай, бир күн мурун эскертпегенин сынга алышты. Көптөгөн балдар бүгүн 20 градус суукта мектепке келип алып, мектептин босогосунан онлайн окуу тууралуу билишкен.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх