Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин 8 борбордук көчөсүнө бир тараптуу кыймыл киргизилет

Эки көчөдө эки тараптуу жүрүүгө мүмкүн болот

Бишкектин борборундагы сегиз көчө бир тараптуу болот. Бул тууралуу борбор калаанын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, мурда макулдашылган бир тараптуу жана эки тараптуу кыймыл схемасына айрым өзгөртүүлөр киргизилет.

Ошентип, төмөндөгү көчөлөрдүн тиешелүү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

- Турусбеков Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин (түштүктөн түндүккө);
- Үмөталиев Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
- К.Акиев Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин (түштүктөн түндүккө);
- Тыныстанова Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
- И.Раззакова Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
- Орозбекова Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин (түштүктөн түндүккө);
- Гоголь Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө);
- Сүйүмбаева Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин (түштүктөн түндүккө).
Мындан тышкары, көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде эки тараптуу кыймыл уюштурулат:
- Кулатова Панфилов көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейин;
- Бөкөнбаева Эркиндик бульварынан Абдрахманов көчөсүнө чейин.

Өзгөртүүлөрдү 2024-жылдын 8-январына чейин ишке ашыруу пландалууда.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх