Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТикТок Кыргызстанда азырынча бөгөттөлбөйт

Маданият министрлиги маселе боюнча түшүндүрмө берди

ТикТок Кыргызстанда азырынча бөгөттөлбөйт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн төрагасы Алтынбек Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, 30-августта Маданият министрлигинен ТикТокту жабуу өтүнүчү менен кат келген. Бирок бул маселе боюнча соттун чечими чыга элек.

«Бийликтин ага бөгөт коюуга техникалык мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок азырынча соттун чечими чыга элек. Кошумчалай кетсек, Маданият министрлиги менен тиркемени иштеп чыгуучулар белгилүү бир бүтүмгө келишкен. Кызмат кадимки режимде иштеп жатат», - деди Токторбаев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх