Кыргызстандык Азирет Аманжанов Орусияда "Жылдын студенти-2023" наамын жеңип алды
Ал учурда Омск шаарындагы Ички иштер министрлигинин академиясында окуйт
Кыргызстандык 21 жаштагы Азирет Аманжанов үстүбүздөгү жылдын 14-декабрында Орусияда"Жылдын студенти-2023" наамын жеңип алды.
Азирет 2002-жылы Бишкек шаарында жөнөкөй үй-бүлөдө туулган. Ал үч жыл мурда №38 мектеп-гимназиясын алтын медаль менен ийгиликтүү аяктаган жана ЖРТдан 206 балл алган. Андан соң Орусиянын Омск шаарындагы Ички иштер министрлигинин академиясынын тергөөчү адистигине тапшырган. Учурда аталган жогорку окуу жайдын 4-курсунун студенти. Ал үстүбүздөгү жылы өзү окуган академияда жылдын мыкты курсанты деп табылган.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз