Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Айсулуу Тыныбекова Күрөш дүйнөсү тарабынан 2023-жылдын эң мыкты балбан кызы деп табылды

"Кайра жаралган кыргыз жылдызы"

Бириккен күрөш дүйнөсү 2023-жылдын жыйынтыгы менен Айсулуу Тыныбекованы балбан кыз-келиндер арасында мыкты деп тапты.
UWW белгилегендей, Тыныбекова өткөн жылы спортчу дүйнө чемпиондугун, Азия чемпиондугун жана Египет менен Венгриядагы рейтингдик турнирлерди жеңип, жеңиш менен кайтып келген. Кошумчалай кетсек, Тыныбекова Азия оюндарында коло медалга ээ болгон.
«Акылга сыйгыс, бирок, 2023-жылы Тыныбекова 30 жашында убакытты артка буруп, карьерасындагы эң жакшы 12 айлыкты өткөрдү.

Кайра жанган кыргыз жылдызы өзүнүн эң мыкты формасына кайтып келгенин сезондун эки негизги мелдешинде – дүйнө жана Азия чемпионаттарында көрсөттү», — деп белгилейт уюм.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх