Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда "тонировка" рейди жүрүүдө

Эки күндө 280 миң сом айып салынды

Кыргызстанда эки күндө автоунаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылаткан 14 айдоочу кармалып, аларга карата 280 миң сом айып салынган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖКККББнын Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери 20-декабрдан 31-декабрга чейин унаасынын терезесин мыйзамсыз караңгылатып алгандарды аныктайт.
"Тонировка" рейдинин жүрүшүндө ошондой эле тиешелүү уруксатсыз кайра жабдуулар колдонулган транспорт каражаттарын башкарган айдоочулар аныкталып, жоопкерчиликке тартылат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх