Троллейбус менен жарышкан автобустун агрессивдүү айдоочусу айыпка жыгылды
Кайгуул милиция жарандардын арызына жооп берди
Милициянын кайгуул кызматкерлери унаа айдап бара жатып өзүн агрессивдүү алып жүргөн автобустун айдоочусуна айып пул салды.
Эскерте кетсек, бүгүн социалдык тармактарда Бишкектеги № 212 автобустун аял айдоочусу рулда өзүн агрессивдүү алып жүргөнү тууралуу видео тараган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, ал троллейбус менен жарышып, каршы тилкеге чыгып, жүргүнчүлөрдүн өмүрүн тобокелге салган.
Милициянын кайгуул кызматы жарандардын арызына жооп берип, айдоочуга 15 миң сом айып салганын билдирди.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз