Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Балта шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 100 жаштагы ардагерине мамлекет тарабынан жаңы батир берилди

Ага ошондой эле ардактуу атуул наамы да ыйгарылды

Чүй облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун эң улуу ардагери, 100 жаштагы Кошкоро Жаманкуловго мамлекет тарабынан жаңы батир берилди.
Ага жаңы турак жайдын ачкычын КР Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев тапшырды. Ал эми райондун акими ардагерге райондун ардактуу атуулу наамы ыйгарылганын билдирди.

1924-жылы туулган Экинчи дүйнөлүк согуштун экинчи топтогу майыпы Кошкоро Жаманкулов учурда кичүү уулу, келини жана неберелери менен Кайсар айылында жашайт. Аксакалдын жети баласы, 31 небереси жана 58 чөбөрөсү бар.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх