Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Женго” абакта каза болдубу? Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн адвокаты имиштерге жооп берди

Соцтармактарда “Кадырбек Досонов тергөө абагында каза болгону тууралуу” маалыматтар тарап жатат

“Женго” каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Кадырбек Досонов тергөө абагында каза болгону тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу “Азаттык” анын адвокаты Назгүл Сүйүнбаевага таянуу менен жазып чыкты.
Жактоочунун айтымында, Кадырбек Досонов ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Ал эми Ошто козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп сотко өткөнү белгилүү болду.

Кадырбек Досонов былтыр 24-ноябрда дагы башка кылмыш ишине байланыштуу күбө катары көрсөтмө берүү үчүн Бишкекке которулган.
Белгилей кетсек, учурда социалдык тармактарда “Кадырбек Досонов тергөө абагында каза болгону тууралуу” маалыматтар тарап жатат.
Кадырбек Досонов буга чейин оор беренелер менен айыпталып, бир нече жолу кесилип, кайра эркиндикке чыккан. Соңку ирет аны УКМК 2021-жылдын февраль айында кармаган.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх