Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте коомдук транспортто жүрүүнүн жаңы тарифтери 30-январдан тарта киргизилет

БГК тиешелүү токтомду жарыялады

30-январдан тарта Бишкектин коомдук транспортуна жаңы тарифтер күчүнө кирет.
Бүгүн Бишкек шаардык кеңеши токтом чыгарды. Ал 15 күндөн кийин, башкача айтканда, 30-январда күчүнө кирет.
Жол кире төмөнкүдөй болот:

- накталай төлөм - 20 сом;
- накталай эмес төлөм (Тулпар карталары) - 17 сом;
- мамлекеттик мобилдик оператордун тиркемесин колдонуу менен - 11 сом.

Эскерте кетсек, жаңы тарифтер 15-январдан тарта күчүнө кириши керек болчу, бирок кечээ жаңы жылдык каникулдарга байланыштуу документти кабыл алуу боюнча бардык процедуралар аягына чыкпай калганын билдирген.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх