Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Окуучуну сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалды

Ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилет

Окуучу кызды сүзүп кеткен Балыкчы шаардык милиция бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуяга шектүү ИИМдин Ички иликтөө кызматына жеткирилген.
Тергөө амалдарын жүргүзүү максатында ал УКМКнын тергөө кызматына өткөрүп берилет.

Жол кырсыгы 26-январда болгон. Анда Балыкчы ШИИБнин кызматтык унаасы 11 жаштагы кызды сүзүп кеткен.
Аталган факт боюнча шаардык прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 144-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 27-январында ички иштер органдарынын кызматкери жана ведомстволук транспорт каражаттары катышкан кылмышты объективдүү жана ар тараптуу иликтөөнү камсыз кылуу максатында, Кылмыш ишин тергөө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлдү.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен, УКМК тарабынан Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Осмонбаев Бектур Казаковичке буга чейин издөө жарыяланган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх