Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

1-февралда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтап менен донор үйүнө чыгарылды

Донор бейтаптын атасы болгон

Бүгүн, 2024-жылдын 9-февралында, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барып, 1-февралда бөйрөгүн бекер алмаштырган бейтаптын абалы менен таанышты. Донор бейтаптын атасы болгон.

Министр бөйрөгүн бекер алмаштыруу операциясынан ийгиликтүү өткөн бейтап менен донордон кабар алып, алардын бүгүнкү күндөгү абалы менен таанышты. «Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, силерге биринчилерден болуп бекер операция жасалды. Мына минтип бүгүн үйүңүздөргө чыгып жатасыздар. Өзүңөргө жакшы кам көрүп, дарыгердин көзөмөлүндө болуңуздар”,-деп кошумчалады Алымкадыр Бейшеналиев.

Өз кезегинде атасы менен кызы өлкө Президентине терең ыраазычылыктарын билдиришти. «Садыр Нургожоевичтин аркасы менен кызыма бекер операция жасалды. Операцияга өзү катышкан Саламаттыкты сактоо министрине дагы терең ыраазычылык билдиребиз жана ийгиликтүү жана сапаттуу операция жасап бергени үчүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун кызматкерлерине жана дарыгерлер тобуна ыраазычылык билдиребиз. Бүгүн биз канааттандырарлык абалда үйгө чыгарылып жатабыз», - деди бейтаптын атасы.

Мындан тышкары, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчилиги министрге трансплантация боюнча 50гө жакын адам кайрылганын билдирди. 12-февралда дагы бир реципиент жана донор бөйрөк алмаштыруу үчүн ооруканага жаткырылат.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх