Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Имандос Бектенов ок атуу спортчу боюнча Дүйнө кубогунда алтын утту

Мелдеш 10-февралда Испания мамлекетинде өтүүдө

Кыргызстандын ок атуу спорту боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Имандос Бектенов Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Спортчу ПП-60 версиясы боюнча катышып, жалпы 572 упай чогулткан.

undefined

Белгилей кетсек, Дүйнө кубогу жаштар жана чоңдор арасында Испаниянын Гранаде шаарында өтүүдө. Ага 48 өлкөдөн келген жалпы 400 спортчу катышууда.

10-февралда башталган мелдеш 18-февралга чейин уланат.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх