Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев камакта калтырылды

Анын камактагы мөөнөтү 23-мартка чейин узартылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев УКМКнын тергөө абагында калтырылды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Бакчиевдин камактагы мөөнөтү 23-мартка чейин узартылды.

Эске сала кетсек, Жаныбек Бакчиев өткөн жылдын октябрь айында 282-берене (Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх