Tez Jet Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алды
Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке учса болот
Кыргызстандын Tez Jet авиакомпаниясы Манас жана Ош эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек жана Ош шаарларынан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын саны көбөйдү.
Рейстер RJ-85 жана MD-83 учактары менен Ош - Ташкент - Ош жана Бишкек - Ташкент - Бишкек багыттары боюнча аткарылат.
Фото WWW
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз