Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Талас бригадасы» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Анын үйүнөн баңгизат табылган

Таласта уюшкан кылмыштуу топтун «Темке» каймана аты менен таанымал болгон мүчөсү баңгизат менен кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, январь айынын аягында тергөөчүлөргө Талас районунун тургуну баңги затын сатуу менен алектенгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган К.К. кармалып, анын үйүн тинтүү учурунда марихуана табылган.

К.К. «Талас бригадасы» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы маалым болду.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх