Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖЭБдеги аварияны жоюу үчүн Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизель майын жөнөттү

Гуманитардык жүк КР Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилет

Бишкек ЖЭБиндеги аварияны жоюу үчүн Казакстан Кыргызстанга 2 миң тонна дизель майын жөнөттү. Бул тууралуу Казакстан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасына ылайык, Бишкек ЖЭБиндеги аварияны жоюуда Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик материалдык резервден дизель майы түрүндөгү 2 миң тонна гуманитардык жүк бөлүндү», - деп айтылат билдирүүдө.

28-февралда РМКнын Заря филиалынан 1000 тонна көлөмүндөгү дизелдик отундун биринчи партиясы жөнөтүлдү (17 машина). Гуманитардык жүк КР Энергетика министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилет.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх