Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте милиционер өз жанын кыюуга аракет кылган адамды куткарып калды - видео

Кенже сержантка ыраазычылык кат тапшырылды

Бишкекте өз жанын кыюуга аракет кылган адамды куткарып калган милиция кызматкерине ыраазычылык кат тапшырылды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 20-февраль күнү кечинде Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери, кенже сержант Батыр Абдугаффор уулу өз жанын кыюуга аракет кылган 36 жаштагы жаранды куткарып калган. Ала-Арча суусуна секирип кеткен адамды милиция кызматкери байкап калып, аны куткаруу үчүн дароо артынан секирген. Тартип сакчысы чөгүп бара жаткан адамды жээкке чыгарып, биринчи медициналык жардам көрсөткөн.


Куткарылган адамдын бир тууган агасы милиция кызматкерине жеке ыраазычылык билдирүү үчүн РИИБге келди. Батыр Абдугаффор уулуна борбор калаанын милициясынын жетекчилиги да ыраазычылык катын тапшырды.

Фото WWW

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх