Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жолдошбек Көлбаев КР дзюдо федерациясынын жетекчилигинен кетти

Ал Камча Көлбаевдин бир тууган агасы

Жолдошбек Көлбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти кызматынан кетти.

Кызматтан кетүү арызы 6-мартта кабыл алынган.

Жолдошбек Көлбаев 2016-жылы УОКтун президенти болуп шайланган (ал буга чейин вице-президент болгон). 2020-жылдын декабрында ал дагы төрт жылдык мөөнөткө шайланган. Ал ошондой эле Азия дзюдо биримдигинин вице-президенти.

Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президентинин милдеттери Куванычбек Конгантиевге Олимпиадалык цикл аяктаганга чейин жүктөлдү, деп кошумчалады КР УФК.

Белгилей кетсек, Жолдошбек Көлбаев былтыр жоюлган кримавторитет Камчы Көлбаевдин бир тууган агасы.

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх