Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Азия MIX» КВН командасынан Маратик Марат Жуманалиев каза болду

Ал 43 жашта болчу

«Азия Микс» КВН командасынын жылдызы, Маратик каймана аты менен таанымал Марат Жуманалиев каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Айрым маалыматтарга караганда, ал үйүндө жыгылып, башынан жаракат алып каза болгон.

Марат Жуманалиев 43 жашта болчу. Ал бокс боюнча Кыргызстандын эки жолку чемпиону. Бирок «Азия Микс» командасы менен КВНге катышканы ага чоң атак алып келген.

Акыркы убакта Жуманалиев кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, ар кандай кайрымдуулук долбоорлоруна катышып келген.

Vesti.kg сайтынын редакциясы Мараттын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх