Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улан кичи районунда үч жөө жүргүнчүнү автоунаа сүзүп кетти. Бирөө ооруканада каза болду (видео)

Үч чет элдин жарандарын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден сүзүп кеткен

Бишкектин Улан кичирайонунда алардын бири каза болду.

Эскерте кетсек, унаа 13-март күнү кечинде Улан кичи районунда Ботаникалык бактын жанындагы жөө адамдар өтүүчү жерде болгон.

Honda Odyssey унаасынын айдоочусу үч чет элдик жаранды сүзүп кеткен.

Патрулдук милиция кызматынын маалыматына караганда, жабыркагандар ооруканага жеткирилип, алардын бири кийинчерээк каза болгон.

Унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилип, материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Аталган аймактын жашоочулары ал жер өтө кооптуу болгондуктан, ал жерге эстакадалык өтмөк курууну же светофор орнотууну талап кылышууда.


«Бул жерден өткөн сайын биз өз өмүрүбүз үчүн коркуп, стресске кабылабыз. Анткени айдоочулар орой мамиле кылышат, жол беришпейт, сигналын катуу басышат, өтө жакын айдашат, сөгүнүшөт, жөө адамдар өтүүчү жерден айдашат. Бизге адамдар үчүн коопсуз шаар керек! Ошондой эле өтмөктөрдөн жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгондор үчүн жазаны күчөтүүнү суранабыз. Мындай жерден өткөн сайын стресске кабылам. Жөө адамдар өтчү жерден өтсөм дагы өзүмдү коопсуз сезбейм. Мындай айдоочуларга катуу чара көрүп, эстакадаларды куруп берүүңүздөрдү суранам», - деди шаар тургуну.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх