Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК менен сүйлөшүүдөн кийин жеке медициналык борборлор томографиянын баасын арзандатышты

Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы 20-30%га арзандашы керек

Кыргызстандын жеке менчик медициналык борборлору томография кызматынын баасын арзандатканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, ири жеке медициналык мекемелердин катышуусунда медициналык кызмат көрсөтүү рыногунда баа түзүү маселелери боюнча жолугушуулар өткөрүлдү.

«Бул иш-чаралардын алкагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана алардын баа саясаты талкууланып, жыйынтыгында томографиялык изилдөөлөрдүн бардык позицияларына ири компаниялардан 20%га чейин бааларды төмөндөтүү боюнча макулдашууларга жетишилди. Алар: «Юнит-Реактив Фарма», «Медипол», «Томэкс», «Шаншуй Силк Роуд Кейджи», «Альфа МЕД-ЛТД», «Берди», «Медипарк», «Гульмед», «Систем Озел Тыбби Йатырымлар ве Тиджарет», «Юрфа», «Авиценна», «Меди» и «Веданта»; жана «Неврологиялык борбор Кортекс» - 30% чейин .

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети лабораториялар жана медициналык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын жөнгө салууга, ошондой эле мамлекеттик медициналык мекемелердин жеке медициналык мекемелердин кызматтарынан пайдаланууга көмөк көрсөткөн кызматкерлеринин ишине көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган чараларды улантууда», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин атайын кызмат жеке лабораториялардагы лабораториялык изилдөөлөрдүн баасын арзандатуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирген.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх