Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү
Эки уул жана бир кыз төрөлдү
Бишкектеги №2 төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Мекемеден билдиришкендей, төрөт учурундагы аял ооруканага 11-март күнү кош бойлуулуктун 36 жумасында түшкөн. Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында кесарево жолу менен үч эм төрөлдү: бир кыз жана эки уул – 2 кг 40 грамм, 2 кг 279 грамм жана 2 кг 940 грамм.
Эненин абалы туруктуу, ымыркайлар эмчек сүтү менен тамактанышат.
Сүрөт: www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз