Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин коомдук транспорту үн эскертүү системасы менен жабдылды

Ошондой эле, бардык автобус жана троллейбустарда GPS трекерлер орнотулган

Бишкектин муниципалдык автобустары жана троллейбустары токтогондо автоматтык үн билдирүү системасы менен толук жабдылганын борбор калаанын мэриясы билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы тарабынан автобустарга токтоо пункттарын жарыялоо үчүн 600 ички жана тышкы автоинформатор, «Бишкек троллейбус башкармалыгы» муниципалдык ишканасы тарабынан троллейбустарга 92 даана орнотулган.

Ошондой эле, борбор калаадагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө GPS-трекерлер орнотулуп, анын аркасында жарандар «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу керектүү транспорт тууралуу маалымат ала алышат», - деп кошумчалады мэрия.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх