Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нооруз майрамына байланыштуу Бишкектин борборундагы унаа кыймылы убактылуу өзгөрдү

Ала-Тоо аянтынын айланасы 23-мартка чейин жабык

Бишкекте Нооруз майрамынын урматына майрамдоого байланыштуу шаардын борборунда унаа кыймылы жабылганын мэрия билдирди.

Анын айтымында, Чүй проспектиси менен Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин каттаган коомдук транспорт убактылуу Киев көчөсүнө багыт алды.

Эске сала кетсек, Нооруз майрамын белгилөөгө байланыштуу Ала-Тоо аянтында 18-марттан 23-март саат 00:00гө чейин төмөндөгүлөр жабык:
- Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү,
- Раззакова көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү,
- Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх